Өлтүрүлгөндөрдүн арасында полиция башчысы да бар экенин «Associated Press» агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, дагы эки кызматкер жана жергиликтүү тургун жаракат алышкан. «Талибан» тараптан төрт киши өлгөн.
Ооганстандын батышындагы Гур провинциясында талибдер полиция кербенине кол салган.
«Талибан» Ооганстанда жазгы чабуулдарын баштай турганын эскерткен. Кыймылдын 12-апрелде беш тилде жарыяланган расмий билдирүүсүндө жоочулар Ооганстандагы чет өлкөлүк аскерлерге каршы күрөштү улантары жазылган.