Балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон жубайлардын биринин сөөгү 7-апрель күнү көл жээгинен табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, көлдүн жээгинен 39 жаштагы Юрий Новиковдун сөөгүн жергиликтүү тургундар көрүп, милицияга кабар берген. Сөөк жергиликтүү өлүкканага өткөрүлүп берилди.
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагынын Кирпичный айылынын тургундары Юрий жана Роза Новиковдор 1-мартка караган түнү балык кармаганы чыгып, ошол бойдон дайынсыз кетишкен.
2-мартта Дархан жана Саруу айылдарынын орто ченинен жубайлардын бош кайыгы табылган. Бир нече күнгө уланган издөө иштери кийин натыйжа болбогон соң токтотулган.
Жубайлардын 9 жаштагы уулу менен 14 жаштагы кызы калды. (AsM)