Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) быйылтан тартып ишке кирген кодекстердин жана «Пробация жөнүндө» мыйзамдын абактарда кармалып тургандарга тиешеси боюнча маалымат берет. Аталган кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, журналисттер учурда абактарда бул мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу биле алышат.
- Үч айдан бери бизде жазасын өтөп жаткандардын иштери сотторго берилген. Жаңы кодекстер гуманизацияга багытталганын билесиздер. Ошондуктан соттор карап, айрымдарынын мөөнөтүн кыскартат, кээ бирөөлөрү такыр бошотулат. Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат беребиз, - деди ал.
1-январдан тартып Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Тартип бузуу жөнүндө кодекс, «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштаган. Бул мыйзамдар боюнча учурда абактагы миңдеген адамдардын иши кайра каралып, жеңил жаза менен соттолгондор эркиндикке чыгышы мүмкүн.
Жаңы кодекстердеги айрым беренелер коомчулукта жана парламентте сынга кабылган. (ZKo)