Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Ошто сел жана жер көчкү коркунучу бар аймактарга көчөт тигилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында сел жана жер көчкү коркунучу бар аймактарга жер кыртышын кармоочу бактар отургузулду.

Бактар шаарга караштуу Жапалак айыл аймагындагы Озгур айылынын жаан-чачын учурда сел жууп, жер кыртышын бузуп кетчү 0,7 гектар адырларына тигилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен бирге ал жерге түрдүү 500 түп бадам, өрүк жана башка жер кыртышын кармоочу бактардын көчөтүн тигишти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыма боюнча Кыргызстанда 4 732 үй-бүлө өзгөчө кооптуу аймакта жашайт. Алардын ичинен эки миңден ашуун үй-бүлө башка жактарга көчүү үчүн мамлекеттен ссуда алган. Бирок алар дагы эле кооптуу аймактарда жашап жатышат.

2003-жылы Өзгөндүн Жалпак-Таш айылында жер көчүп, Сөгөт айылын басып калган. Натыйжада 40 киши көчкүнүн алдында калып каза тапкан. Арасында балдар болгон.

2009-жылы апрелде Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында чоң жер көчкү жүргөн. Андан Райкомол айылынын 16 тургуну набыт болгон, анын 11и жаш балдар болчу.

2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган. (MdN)

XS
SM
MD
LG