26-мартта Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында кабарланды.
Жолугушууда кыргыз тарап АКШнын адам укуктары боюнча жарыяланган баяндамасындагы маалыматтарды кайра текшерип чыгууну жана бейөкмөт уюмдардын гана эмес, расмий булактардын да маалыматтарын эске алууну суранган.
Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги учурда айрым мурдагы жогорку кызмат адамдарына коррупция боюнча айып тагылып, соттук териштирүү аяктай электигин белгилеген.
“Бул факт коомчулукта соттук териштирүүгө таасир этүүгө аракет кылуу, ички иштерге кийлигишүү катары кабыл алынат”, – деп айтылат Тышкы иштер минстрлигинин маалыматында.
Кыргызстандын Тышкы иштер мекемеси “Америкалык дипломат Мамлекеттик департаменттин баяндама даярдоодогу ар кандай бейөкмөт уюмдардын топтолгон маалыматтары дайыма эле өлкөдөгү абал менен шайкеш келе бербейт деди” деп маалымат таратты.
Март айынын башында АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялаган. Анда Кыргызстандагы абалга да баа берилип, өлкөдө сөз эркиндиги жаатында мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы жакка өзгөрүү бар экени айтылса, адам укуктары жагынан өзгөрүүлөр аз экени жазылган.
Баяндамада саясий негизде камакка алынгандар да өзүнчө аталган. «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев кармалганда жана сот процессинде укуктары бузулганы көрсөтүлгөн. Дагы бир саясий ишмер Садыр Жапаровдун түрмөдө кала бериши, «алардын иши кайра каралсын» деген талаптар Жогорку сотко жана Текебаевдин адвокаттарынын өтүнүчү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жиберилгени эске салынат.
Ошондой эле 2018-жылы июнда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция үчүн айыпталып камакка алынган мурунку өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган бир катар мурдагы аткаминерлердин иши да айрым өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан «саясий негизде» деп таанылганы, алар тергөө абагында кармалып отурганы жазылган.