Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Кулов: Казакстандын ички-тышкы саясатында Назарбаевдин таасири сакталат


Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Ар-Намыс» партиясынын негиздөөчүсү Феликс Кулов «Азаттыкка» ушундай пикирин билдирди:

«Назарбаев - акылман, кыраакы саясатчы. Ошондуктан ал алдын-ала качан, кантип кетерин эсептеп, аныктап койгон. Бул мурунтан терең ойлонулуп ташталган кадам. Силер жакшы билесиңер, Казакстандын жаңы мыйзамы боюнча өлкөнүн алгачкы президенти өмүрүнүн аягына чейин Коопсуздук кеңешин жетектеп турат. Ошондуктан анын мамлекеттин ички жана тышкы саясатындагы таасири сактала берет. Назарбаев күнүмдүк жетекчилик иштен гана кетти, эми мындан ары дагы маанилүүрөөк иштер менен алектенет».

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта теле аркылуу элге кайрылып жатып, мамлекет башчылыктан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Казак мыйзамдары боюнча парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев шайлоого чейин мамлекетти жетектеп турат.

Нурсултан Назарбаев 1990-жылы 24-апрелде эгемен Казакстандын алгачкы президенти болуп шайланган. 2015-жылы апрелде бешинчи ирет 97% добуш менен президенттик шайлоодо утуп чыккан.

Ал Борбор Азия өлкөлөрүндөгү компартиянын биринчи катчылыгынан түз президенттик бийликке өткөн мамлекет башчылардын бири. (ZKo)

XS
SM
MD
LG