Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Кыргызстанга ЭВФтин аткаруучу директору келди


Пол Индербинен Улуттук банктын өкүлдөрү менен жолугууда. 19-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Пол Индербинен Улуттук банктын өкүлдөрү менен жолугууда. 19-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) аткаруучу директору Пол Индербинен Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Мекеме билдиргендей, Индербинен Кыргызстан менен ЭВФтин мындан кийинки кызматташтыгы тууралуу талкууларга катышат. Ал бул күндөрү өкмөттүн жана Улуттук банктын өкүлдөрү менен кездешип жатат.

Пол Индербинен аталган фонддун Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Польша, Сербия, Швейцария, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирген тобуна төрагалык кылат.

Мурдараак ЭВФтин Кристиан Жос жетектеген атайын миссиясы да келгени кабарланган. Ал 6-марттан бери Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстан менен фонддун макулдашуусундагы IV берене боюнча кеңешүү жүргүзүп жатат.

ЭВФ Кыргызстанга 1992-жылдан бери насыя берип келатат. 2018-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстан аталган фондго карызы 166,84 миллион долларды (11 миллиард 653 миллион сом) түзгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG