Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Европарламент Астананы сындады


Бийликтеги «Нур Отан» партиясынын Алматыдагы кеңсесинин алдына чыккандарды кармоо учуру. Бул күнү Астанада аталган партиянын курултайы өтүп жаткан. 27-февраль, 2019-жыл.
Бийликтеги «Нур Отан» партиясынын Алматыдагы кеңсесинин алдына чыккандарды кармоо учуру. Бул күнү Астанада аталган партиянын курултайы өтүп жаткан. 27-февраль, 2019-жыл.

Европарламент Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюция кабыл алып, бийликти «эл аралык милдеттенмелерин аткарууга, адам укуктарын, жарандык эркиндикти сыйлоого, саясий репрессияларды токтотууга» чакырды.

«Казакстан саясий репрессиянын бардык түрүн тез арада токтотушу керек» деген талап Европа парламентинин 14-мартта Страсбургда өткөн отурумунда айтылды. Жыйында Казакстанда адам укуктары, жарандык эркиндик чектелип, мыйзамдар активисттер менен журналисттерге кысым көрсөтүүдө колдонулуп жатканы белгиленип, резолюция кабыл алынды. Европарламенттин депутаттары Кылмыш-жаза кодексинин жоболору жарандык активисттер менен журналисттерди куугунтуктап, камакка алууда «негизги курал болуп жатат» деп эсептешет. Европарламенттин депутаттарынын көбү Астана Европа Биримдиги менен кол койгон келишимди аткарбай жатканын сынга алды.

Резолюциянын авторлорунун бири, депутат Марк Демесмакер адам укуктары аталган документтин негизин түзөөрүн эске салып, бирок казак бийлиги аны көз жаздымда калтырып койгонун белгиледи:

«Назарбаевдин режими жарандардын эркиндигин, укуктарын тепсөөнү улантууда. Коркутуп-үркүтүү, куугунтуктоо, атайылап, бурмаланган фактылар менен кармоо, кыйноо колдонулуп жатат. Казакстанда Кылмыш-жаза кодексинин беренелери бийликтин оппоненттерин кысымга алууга багытталган. Басым-кысым, түрмөлөрдөгү кыйноо, адам укуктарынын бузулушу тууралуу кайра-кайра айтылганы менен эч кандай натыйжа жок».

Депутаттар сөз кылган келишим «Евробиримдик менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу кеңейтилген макулдашуу» деп аталат. Казак президенти Нурсултан Назарбаев ага 2016-жылы кол койгон. Казакстан - бул документти ратификациялаган Борбор Азиядагы жападан-жалгыз өлкө.

«Азаттыктын» казак кызматы Европарламенттин резолюциясы боюнча Мажилистин депутаттарына суроо узатты. Депутат Жамиля Нурманбетова резолюцияда айтылган маселелерди четке какты:

«Казакстан көптөгөн эл аралык конвенцияларга кол койгон. Ратификациялар өттү. Ошондуктан өлкөдө адам укуктары корголбойт дегенге макул эмесмин».

Мажилистин дагы бир депутаты Нуртай Сабилянов да ушундай көз карашты колдоду:

«Биринчиден ар бир фактыны аныктап алышыбыз керек. Биз адамдардын укугун бузуп жатабызбы же бул алардын кылган аракетине байланыштуубу? Жалпысынан биздин мамлекетте адам укуктары, эркиндиги корголуп жатат деп ойлойм».

Европарламенттин депутаттары Казакстанда бийликти сындагандарды «экстремист» деп айыптап, камакка алуу да кадимки көрүнүшкө айланганын, репрессиянын ар кандай түрү колдонулуп жатканын, ЛГБТ өкүлдөрү, журналисттер, активисттер жана митингдер менен акцияларга чыккан карапайым жарандар да кармалып, куугунттукталып жатканын айтышты.

Буга алар камакка алынган бир катар активисттерди мисал келтиришти. Документте активисттер Нурбек Кушакбаев, Амина Елеусинова, Лариса Харькова, Абловас Жумаев, Асет Абишев, Искадер Еримбетов жана башкалар аталган.

Казакстанда акыркы айларда жумуш берүүнү, маянаны жогорулатууну, социалдык шартты жакшыртууну талап кылган акцияларда ондогон кишилер кармалган. Жаңы-Өзөндөгү акцияны чагылдырууга барган «Азаттыктын» кабарчысы Сания Тойкен февралдан бери үч жолу кармалып, кое берилди. Акыркысында сот аны 50 миң 500 теңге айыпка жыкты.

Жакында эле Шинжаңдагы улуттук азчылыктардын укуктарын коргогон «Ата журт ыктыярчылары» уюмунун активисти Серикжан Билаштын «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кармалышы да эл аралык коомчулуктун көнүлүн бурду. 11-марттан бери үй камагында отурган Билаш өзүнө укук коргоо органдары кысым көрсөтүп жатканын айтып чыкты. Муну уюмдун мүчөсү Ербол Даулетбек да ырастады:

«Серикжанга «аудио, видео маалымат таратпайсың, Интернетти пайдаланбайсың» деген чектөө бар. Бирок Серикжанды күч менен видеого тартып алып, аны өздөрү таратып отурушат».

Буга чейин Интернетте үй камагында отурган Серикжан Билаштын «өзүнүн абалы жакшы экенин» айтканы, бийликти сындап жүргөн Мухтар Аблязовду «чагымчыл» деп атаганы тууралуу видеосу жарыяланган. Кийинчерээк Билаш жана анын тарапкерлери бул видео алдоо жана мажбурлоо менен жазылганын кабарлашты.

Европарламенттин Казакстан тууралуу резолюциясында адам укуктарын жакшыртуу боюнча казак бийлигине 15 сунуш жазылды. Негизинен укук коргоочуларды, өкмөттүк эмес уюмдарды, ЛГБТ өкүлдөрүн куугунтуктоону токтотуу, мыйзамдарды кайра карап чыгуу, аялдардын укугун коргоо жана демократия эрежелерин сактоо талап кылынган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти да 13-мартта дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасында Казакстанды сынга алган.

Ага чейин «Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ) Астананы журналисттерди, анын ичинде «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкенди куугунтуктоону токтотууга чакырган.

Норвегиянын Хелсинки комитети менен Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросу укук коргоо органдары активист Серикжан Билашты элге жаман көрсөтүү аракетин баштаганын билдирип, аны бошотууну талап кылышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG