Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Британ парламенти Мэйдин Брекзит тууралуу сунушуна добуш берет


Тереза Мей.
Тереза Мей.

Британияда премьер-министр Терезай Мэйдин Брекзит планы парламентте добушка коюлганы турат. Британ парламенти аны 12-мартта талкуулай турганы күтүлүп жатат.

11-мартта Страсбургда өткөн жолугушууда Британиянын Еврошаркеттен чыгуусу боюнча келишимге өзгөртүүлөр киргизилген.

Тараптар падышалыктын курамындагы Түндүк Ирландия менен биримдиктин курамындагы Ирландиянын ортосундагы чек арада көзөмөлдү жок кылууну макулдашты.

Бул маселе кошумча документке камтылаары айтылды. Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер бул толуктоолор соңку сунуш экенин белгилеп, «ушул келишим кабыл алынат же Брекзит таптакыр болбойт» деп эскертти.

Буга чейин Мэй макулдашуунун долбоору колдоо таппаса, 29-мартта шаркеттен келишимсиз чыгууну же Брекзиттин мөөнөтүн июнга калтырууну сунуш кыларын билдирген.

Британ парламентиндеги депутаттардын бир бөлүгү кайра референдум өткөрүүнү жактайт. Дагы бир тобу «акыркы келишим өлкө кызыкчылыгына төп келбейт» деген пикирде турушат.

XS
SM
MD
LG