Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Ирандын президенти Иракка алгачкы сапар менен барды


Ирандын президенти Хасан Роухани Багдадга келд. 11-март, 2019-жыл.
Ирандын президенти Хасан Роухани Багдадга келд. 11-март, 2019-жыл.

Ирандын президенти Хасан Роухани биринчи жолу Багдадга расмий сапар менен барды. Мамлекеттик телеканалдар кабарлагандай, АКШнын таасири күчтүү коңшусу Ирак менен алакасын чектөөгө мажбур.

Роухани үч күндүк сапарга аттанып баратып Тегерандагы «Мехрабад» аэропортунда туруп, Иран менен Ирактын ортосундагы алакаларды «өзгөчө» деп баалады.

«Биз Ирак менен алакабызды, айрыкча транспорт багытында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкчылыгыбыз чоң. Сапар маалында маанилүү долбоорлор талкууланат» – деди Ирандын президенти.

Вашингтондон финансылык жана аскердик колдоо алган Багдад АКШ жана Иран менен байланыштарын тең салмактоого мажбур.

Иракта Ирандын аскердик күчтөрү жок болгону менен Тегеран бул өлкөдөгү шиит топторунун операцияларын колдойт. Иракта болжол менен 150 миңдей шиит козголоңчулары бар.

Кошмо Штаттардын 5200 аскери Ирактын күчтөрүн даярдыктан өткөрүүгө тартылган.

XS
SM
MD
LG