Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго каршы УКМКга кайрылуусуна депутаттын парламентте сүйлөгөн сөзү негиз болгон. Бул тууралуу Жогорку сот «Азаттыкка» билдирди. Андан алынган маалыматта: ««YouTube» сайтында депутат Рыскелди Момбеков «жер тилкелеринин мыйзамсыз берилгенин таануу тууралуу сот чечими ката, соттор мындай аракеттери менен карапайым элдин канын ичип жатат» деп айтылган сөзү жазылган видеотасма жарыяланган. Жогорку соттун төрайымы бул тасма коомчулукта сот системасы жана мамлекет тууралуу терс пикир жаратат деп эсептейт», деп жазылган. Мындан тышкары, Жогорку соттун «Азаттыкка» жиберген катында «тасмада депутат Момбеков андай чечим качан, кайсы сот тарабынан чыгарылганы тууралуу да айтпаганы» белгиленип, «депутаттык кодекс боюнча Жогорку Кеңештеги эл өкүлү фактыларга негизделген, так маалыматтар тууралуу сүйлөөгө тийиш» деп жазылган.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков 5-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылган. Момбеков бул тууралуу «Азаттыкка» комментарий берип, атайын кызматка ал ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу чакырылганын билдирген.
Эл өкүлү муну саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кийинки убакта парламентте сүйлөгөн сөздөрү кимдир-бирөөгө жакпай калышы ыктымал деп боолголоп жатат.
Буга чейин айрым маалымат булактары депутат УКМКга суракка чакырылганын жазып чыгышкан. УКМКнын басма сөз өкүлү мындай маалыматты төгүндөп, Момбеков мекеменин төрагасы Идрис Кадыркулов менен кызматтык жолугушууга келгенин билдирген.
Рыскелди Момбеков ТЭЦ-2 жаңы конушунун тургундары менен жолукканда соттордун ишин кескин сынга алып, «алар элге карата адилетсиз чечим кабыл алып жатат» деп билдирген. (ZKo/ЕВМ)