Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

«Кыргызстан» банкынын Оштогу банкоматы да тонолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызстан коммерциялык банкынын» Ош шаарындагы банкоматтарынын биринен ири суммадагы акча уурдалды. Айрым булактар акчанын көлөмү 1,5 миллион сомдой экенин билдиришти.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков окуя 3-мартка караган түнү филармониянын алдында болгонун кабарлады, бирок канча сумма жөнүндө сөз болуп жатканын айткан жок.

Анын алдында Араван районунун борборунан да белгисиз бирөөлөр «Кыргызстан коммерциялык банкынын» банкоматын талкалап, 900 миң сомду уурдап кетишкени маалымдалган эле. Ал окуя 10-февралда болгон.

Милиция бул эки карактоо бир эле топтун колунан келген деп божомолдоп жатат. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине ошол замат катталган. Шектүүлөр аныктала элек. (SE)

XS
SM
MD
LG