Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Трамп менен Ким биргелешкен декларацияга кол коёт


Дональд Трамп жана Ким Чен Ын. Ханой. 27-февраль, 2019-жыл.
Дональд Трамп жана Ким Чен Ын. Ханой. 27-февраль, 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугушуунун экинчи күнүндө биргелешкен декларацияга кол коёт.

Ак үй кол коюу аземи жергиликтүү саат боюнча түшкү саат 2ден өтүп боло турганын кабарлады. Документ тууралуу кенен маалымат берилген жок. Мурдараак Трамп журналисттерге сүйлөшүү ийгиликтүү болот деп ишенерин, «куралсыздандыруудан башка жол жок» экенин айткан.

«Бул жолу бардыгы күтүп жаткандай жыйынтыкка жетишебиз деп ишенем. Мен ийгиликке жетиш үчүн болгон күчүмдү жумшайм», - деген Ким.

Эки лидердин саммити Вьетнамдын борбору Ханой шаарында 27-февралда башталган.

Трамп менен Ким Чен Ын биринчи жолу былтыр 12-июнда Сингапурда жолуккан. Анда АКШ «коопсуздук кепилдиктерин», ал эми Түндүк Корея «Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууга» убада берген макулдашууга кол коюшкан. Бирок тараптар өзөктүк куралды жок кылууда алгылыктуу прогресске жетише алган эмес.

XS
SM
MD
LG