КТРКнын Байкоочу кеңеши ушу тапта жыйынга чогулуп, башкы директорлук кызматка талапкерлердин арызын кароого киришип жатат.
Арыздарды кабыл алуу саат 17:00дө аяктады.
Соңку маалыматка караганда, арыз бергендердин саны 22ге жетти:
- Мирбек Мурзабеков
- Мирлан Самыйкожо
- Болотбек Тиллебаев
- Ибраим Нуракун уулу
- Элдар Аттокуров
- Малика Курманова
- Бөлөкбай Шеримбеков
- Галина Байтерекова
- Куттумидин Базаркулов
- Адил Турдукулов
- Жылдыз Муслимова
- Каарманбек Кулуев
- Алим Токторов
- Сюита Соурбаева
- Дүйшөк Мамбетөмүров
- Сураган Досумбаев
- Ишен Айтмамбетов
- Абдухалил Акматов
- Замирбек Казакпай уулу
- Эркинай Эшанкулова
- Илим Карыпбеков
- Жайнак уулу Үсөн
Арыз бергендердин 13үнүн документтери толук эмес экени айтылды.
"Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт.
Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу 18-январда жарыяланган. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын курамында учурда алты телеканал бар. (AlS)