Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

АКШ: "шатдаун" же дубал


АКШ менен Мексиканын чек арасы.
АКШ менен Мексиканын чек арасы.

АКШда демократтар жана республикачылар Мексика менен чек арага дубал куруу боюнча алдын ала макулдашууга жетишти.

Бирок анда президент Дональд Трамп сурагандай 5,7 миллиард доллар эмес, 1,3 миллиард доллар гана бөлүү каралууда. Эгер чек арага дубал курууга акча бөлүү боюнча талаш чечилбесе, АКШда «шатдаун» ушул жума күнү кайра киргизилиши мүмкүн.

11-февралда Конгрессте сүйлөшүү жүргүзгөн демократтар жана республикачылар Мексика менен чек арага дубал курууну каржылоо боюнча орток пикир табышканын жарыялашты.

- Мен башка да сенаторлор менен бирге иштегениме кубанычтамын. Биз эки партия чогуу иштеп, макулдашууга жетиштик. Биздин кызматкерлер эми анын майда-баратын такташат, - деди сүйлөшүүгө катышкан демократтардын өкүлү Нита Лоуи.

Маалым болгондой, алдын ала макулдашуу президент Дональд Трамп Конгресстен сурагандай дубал куруш үчүн 5,7 миллиард доллар эмес, 1,3 миллиард доллар бөлүүнү камтыйт. Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар Трамптын демилгесин орунсуз жана курулай чыгым катары баалап, ал сураган сумманы берүүгө макул болбой келе жатышат.

Бул талаштын айынан АКШнын федералдык өкмөтүнө 22-декабрдан 25-январга чейин, 35 күн бою каржы бөлүнбөй калган. Америкалыктар атагандай, бул АКШнын тарыхындагы эң узак «шатдаун» болду. Анда федералдык мекемелерде иштеген 800 миңге жакын кызматкерге айлык берилген эмес же алар акы төлөнбөгөн эс алууга жөнөтүлгөн. 25-январда Трамп «шатдаун» 15-февралга чейин токтотулганын билдирип, эгер дубал курууга каражат бөлүнбөсө, ал кайрадан 15-февралда киргизиле турганын эскерткен.

Демократтар менен республикачылар чек ара боюнча алдын-ала макулдашууга келгени тууралуу маалымат Дональд Трамп Техастагы Эл-Пасо шаарында эл менен жолугушуп жаткан кезде чыкты. Мексиканын Сьюдад-Хуарес шаарынан чек ара гана бөлүп турган Эл-Пасодогу сөзүндө Трамп чек арага дубал куруунун зарылдыгы тууралуу пикирин кайрадан кайталап, бул мигранттарды жана кылмышкерлердин агымына бөгөт коёруна ишендирүүгө аракет кылды:

Дональд Трамп Эль-Пасо шаарындагы жолугушууда.
Дональд Трамп Эль-Пасо шаарындагы жолугушууда.

- Аларга жагабы-жакпайбы, чек ара коопсуздугу тууралуу сөз кыла турган мындан башка жакшы жер жок. Мен «чек араны куруунун андай деле мааниси жок» деп айткандарын көп уктум. Билесиздерби, анын кайсы жерде мааниси бар? Ал дал ушул Эл-Пасодо маанилүү.

Эл-Пасо шаарындагы жолугушууга келген миңдеген киши Дональд Трамптын шайлоодогу «Американы кайрадан улуу өлкө кылабыз!» деген урааны жазылган кепкаларды кийип жүрүштү. Ошол эле кезде Демократиялык партиянын өкүлү, 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышат деп сөз болгондордун бири Бето О'Рурк да ушул эле шаарда башка жерде эл менен жолугушуу өткөрдү. Сыягы, АКШда президенттик шайлоо өнөктүгү азыртан эле башталгандай.

Демократтар ошол эле кезде мурда кылмышка барган мигранттарды гана кармоону, ал эми визасынын мөөнөтү өтүп кеткендерди камакка алууну токтотууну талап кылууда. Алар кармалган мигранттардын санын эки эсе – 16,5 миңге чейин азайтууну көздөп жатышат. Мурдагы президент Барак Обаманын тушунда камактагы мигранттардын саны ушунча болгон. Демократтар менен республикачылардын 11-февралдагы сүйлөшүүсүндө ушул маселе да камтылган.

АКШнын Бажы жана чек араны коргоо кызматынын эсебинде, эгер 2017-жылы түштүк-батыш чек арадан 303 916 адам кармалса, 2018-жылы бул сан 396 597ге жетти. Ошол эле учурда АКШдан өлкөнүн түштүк-батыш чек арасына келип башпаанек сурагандардын саны да акыркы бир жылда 70% жакын өсүп кеткен. Ички коопсуздук министрлиги жарыялаган соңку статистикага караганда, түштүк-батыш чек арадан 2017-жылы башпаанек берүүнү 55 584, 2018-жылы 92 959 адам өтүнгөн.

АКШнын Мексика менен чек арасынын жалпы узундугу 3200 чакырымды түзөт жана анын бөлүктөрүндө дубал азыр деле бар.

Президент Трамп буга чейин да АКШга аткезчилик жол менен ташылып келген баңгизаттардын кесепетин эске салып, жума сайын жалаң эле героинден 300дөй америкалык каза табаарын, бул баңгизаттын 90 пайызы түштүктөгү чек ара аркылуу келерин айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG