Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

АКШда өкмөттүк мекемелердин иши кайра токтошу мүмкүн


Президент Дональд Трамп Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен учурашып жатат, 5-февраль, 2019-жыл.
Президент Дональд Трамп Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен учурашып жатат, 5-февраль, 2019-жыл.

Конгресстеги демократтар менен республикачылардын АКШ – Мексика чек арасына дубал тургузууга байланыштуу талашы кайра туңгуюкка кептелди. Бул тууралуу Улуттук коомдук канал кабарлады.

Эгер тараптар 15-февралдын түн ортосуна чейин бир пикирге келе алышпаса, өкмөттүк мекемелердин иши кайрадан убактылуу токтойт. Буга чейинки «шатдаун» 35 күнгө созулган. Ал америкалыктар атагандай, АКШнын тарыхындагы эң узак «шатдаун» болду.

Конгресстеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн сенаторлордун бири Ричард Шелби макулдашуу мүмкүнчүлүгүн 50-50% деп баалап жатат. Анын айтканына караганда, алдыдагы 24 саат «маселе чечүүчү» болмокчу.

Коомдук радионун демократтардын арасындагы булагы билдиргендей, сүйлөшүү Иммиграциялык-бажы кызматы чек арадан мыйзамсыз киргендерди жайгаштыруу үчүн канча керебет сатып алуусу керек деген маселеге келгенде токтоп калды.

Трамп Мексика менен чек арага дубал тургузуу үчүн алты миллиард долларга чукул каражат сураган. "New York Times” басылмасы жазганына караганда, башында караманча каршы болгон демократтар сүйлөшүүлөрдөн кийин эки миллиард долларга чейин акча бөлүүгө көнүшкөн.

Сүйлөшүүлөрдө дагы бир вариант – үстүдөгү жылдын бюджетинин негизги параметрлерин кийинки жылга которуу сунуш кылынганын “Politico” басылмасы жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG