Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Трамп АКШ менен Мексика чек арасына дубал тургузуу планынан кайткан жок


АКШ президенти Дональд Трамп бир катар кеңселерди 15-февралга чейинки каржылоо боюнча Конгресс кабыл алган убактылуу бюджетке кол койду.

Ошентип 35 күнгө уланган "шатдаун" токтоду. Алдыдагы үч жумада узак мөөнөттүү бюджет маселеси талкууланат.

Мурдараак АКШ Сенаты "шатдаунду" 35 күндүк мөөнөткө токтотуп коюуга багытталган мыйзам долбоорун колдогон. Бул мыйзам бюджетсиз калган министрликтерди жана мекемелерди каржылоого каратылган. Бирок анда АКШ менен Мексиканын ортосуна дубал куруу үчүн акча бөлүү тууралуу сөз жок.

Трамп чек арага дубал куруу үчүн 5,7 миллиард доллар ажыратуу маселеси каралбаса, эч кандай документке кол койбой турганын айтып келген эле. АКШ Конгрессинде көпчүлүктү түзгөн демократтар дубал курууга каршылык билдиришкен.

25-январда Ак үйдө сүйлөгөн президент Трамп кол коюлган келишим өкмөттүк мекемелерди 15-февралга чейин каржылоого багытталганын белгиледи. Кызматкерлерге "шатдаун" учурундагы күндөр үчүн да акы берилерин айткан Трамп АКШ менен Мексиканын ортосуна дубал куруудан башка тандоо жок экенин да кошумчалады.

"Эгер Конгресс менен бул жаатта адилеттүү келишимге жетишпесек, 15-февралдан тарта өкмөттүн иши кайра токтойт же мен Конституция берген ыйгарым укуктан пайдаланам", - деди ал.

АКШнын федералдык өкмөтү жарым-жартылай токтоп турганына бир айдан ашты. Бул - америкалыктар атагандай, АКШнын тарыхындагы эң узак «шатдаун».

XS
SM
MD
LG