Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Мадуро чет элдик гуманитардык жардамды чек арадан киргизген жок


Венесуэладан Колумбияга кетип бара жаткан тургундар.
Венесуэладан Колумбияга кетип бара жаткан тургундар.

Венесуэланын армиясы социалисттик президент Николас Мадуронун буйругу менен АКШдан гуманитардык жардам алып келе жаткан автокербенди өткөрбөө максатында чек араны жаап салды.

Мадуро анын эли кайыр сурабай турганын айтып, жардам алууну “кемсинтүүгө” барабар деп эсептейт. Экономикалык жана социалдык кризиске кептелип, тамак-аш тартыш болуп жаткан Венесуэла элине Америкадан гуманитардык жардам жиберилгенин өткөн аптада өзүн “утурумдук президент” катары жарыялаган Хуан Гуайдо айткан.

Азырынча гуманитардык жардам жүктөлгөн автокербен Колумбиянын аймагында турат. Бул мамлекеттин Тышкы иштер министрлиги да Мадурону чек араны ачууга чакырды. Ал эми Венесуэла эли чек арага жакын жерде нааразылык акциясын өткөрүп, автокербенге жол ачууну талап кылышты. Мадуро эгер анын мамлекетинен санкциялар алынса, Венесуэла кыйынчылыктан оңой эле чыгып кетерин айтууда.

XS
SM
MD
LG