Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Үлпөт тойдо оюнчук автомат көтөргөндөргө чара көрүлөт


Таласта үлпөт тойдогу автомат тууралуу видео монтаж экени аныкталды.
Таласта үлпөт тойдогу автомат тууралуу видео монтаж экени аныкталды.

Таластагы үлпөт тойдо автомат атылганы айтылып, Интернетке тараган видео боюнча тойдун ээси Канатбек Жапарбеков милицияга сурак берип чыкты.

Талас облустук милициясы видеонун чоо-жайын иликтеди. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, видеону монтаждагандар жана автоунаанын айнегинен чыгып алгандар административдик жазага тартылышы мүмкүн.

- Айнектен чыгып алган балдар боюнча унаанын айдоочусуна административдик чара көрүшүбүз мүмкүн, - деди ал. - Анткени ошондой көрүнүшкө айдоочу жол берип жатат да. Азыркы мыйзам менен 1000 сомдой айыппул салынат же эскертүү берилет. Калганына эч нерсе кыла албайбыз. Негизи мыйзамда ошондой. Видеону монтаждап Интернетке чыгарган балдар да такталды. Алар менен иштейбиз. Жоопкерчиликке тартуу боюнча акылдашабыз.

Таластагы үйлөнүү тоюнда автоматтан ок атылганы тууралуу видео социалдык тармакка жекшемби күнү тарады.

Анда үйлөнүү тоюндагы кортеж “Манас-Ордого” кетчү жолдо баратканы, машиненин терезесинен чыгып алган эки адамдын бири колундагы автоматтан өйдө карай аткылап жатканын көрүүгө болот. Кийин автомат оюнчук экени, видео монтаждалганы белгилүү болуп, бул көрүнүш соцтармактарда кызуу талкууга алынды. (AlS)

XS
SM
MD
LG