Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Башкы прокуратурага транспорт жана жолдор министринин пара менен кармалган орун басарынын ишин жана министр Жамшитбек Калиловдун ал боюнча маектерин текшерүүнү сунуш кылды.
- Транспорт жана жолдор министри адегенде “мен буга таң калып жатам” деп интервью берген. Ал эми кечээ премьер-министр “министр бизге маалымат берген. Биз билгенбиз” деп айтып жатат. Министр өзү да экинчи интервьюсунда “бул боюнча маалыматты премьер-министрге, күч органдарына айткам” деп жатат. Демек ал орун басарын салып берип жатат же башкача иш болуп жатат. Ушуну силер иликтегилечи, - деди Сулайманов.
Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев депутаттын сунушу эске алынарын билдирди.
Депутат Абдывахап Нурбаев да ушул эле маселени көтөрүп, өкмөт башчы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду эмнеге иштен албай жатканына кызыкты. Ал бул коомчулукта “бул ишке премьер-министр да аралашканбы?” деген күмөн ойлорду жаратып жатканын айтты.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 12-декабрда парламентте транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин паракорлукка байланыштуу кармалганын “өкмөткө моралдык сокку болду” деп баалаган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 6-декабрда транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган.
Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ал эми ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган.
Учурда кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагында камакка алынды. Тергөө уланууда. (BTo)