Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Тунисте Саудия ханзаадасынын сапарына каршы акция өттү


Тунистин полициясы. 9-январь, 2018-жыл.
Тунистин полициясы. 9-январь, 2018-жыл.

Тунисте Сауд Арабиясынын ханзаадасы, тактынын мураскери Мухамед бин Салмандын сапарын утурлай, анын өлкөгө келишине каршы нааразылык акциялары өттү.

26-ноябрдын кечинде ондогон укук коргоочулар жана журналисттер Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда киши колдуу болгон журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмү үчүн айыптап демонстрацияга чыгышты. Алар журналист ханзааданын буйругу менен өлтүрүлгөн деген ишенимде экенин билдиришти. Маскарапоздун кийимин кийген демонстранттар ханзааданы жана анын жан-жөкөрлөрүн туурап, оюн уюштурушту.

Сауд падышалыгы тактынын мураскери бул тууралуу кабарсыз болгонун айтып келатат.

Мухамед бин Салман Хашогжинин өлүмүнөн кийин араб өлкөлөрүндөгү алгачкы сапарынын алкагында Туниске шейшембиде барары маалымдалган.

Журналист Хашогжи 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда өлтүрүлгөн. Акыркы күндөрү буга Сауд Арабиясынын ханзаадасы Мухаммад бин Салман буйрук бергени тууралуу кабар тарады.

АКШ Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын жогорку даражалуу жардамчылары баш болгон 17 саудиялык жаранга санкция салган.

59 жаштагы Хашогжи 2017-жылдан бери АКШда жашап, Саудия падышалыгын, өзгөчө ханзаада Мухаммед бин Салманды кескин сынга алып келген. Ал Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна түрк жараны Хатиже Жеңгизге үйлөнүш үчүн документтерин тууралоо максатында барган.

XS
SM
MD
LG