Москванын аэропортунан бүгүн чыга алганын оппозициячыл саясатчы жана коррупцияга каршы активист өзү “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди. Алексей Навальный кечээ Орусиядан коё берилген эмес. Буга сот аткаруучулардын "Навальныйдын ага карата сот өкүмдөрүндө каралган айыппул боюнча карызы бар" деген жүйөсү себеп болгон.
Эртең Адам укуктары боюнча Европа соту “Навальныйдын 2012-2014-жылдар аралыгында митингдерде кармалып, камалышынын саясий жүйөсү барбы?” деген маселе боюнча жыйынтык чечимин жарыялаганы турат.
Страсбургдагы сот буга чейин 2017-жылдын февралында “Орусиянын өкмөтү Навальныйды 2012-2014-жылдардагы митингдерде жети жолу кармаганы үчүн ага 63,7 миң евро кенемте төлөп бериши керек” деп чечкен. Сот жараян учурунда орусиялык оппозиционердин жүйөлөрүн колдоп, “бийлик анын тынч жыйындарды өткөрүү укугун бузган” деп тапкан.
Навальный - президент Владимир Путинди жана Кремлди сындап жүргөн саясатчылардын эң көрүнүктүүсү. Ал акыркы жылдары Орусиянын аймактарында коррупцияга каршы бир нече демонстрацияларды уюштуруп, баяндамаларды жарыялаган.
Навальный быйыл акыркы айларда эле митингдер менен байланышкан административдик айыптардын негизинде 50 күндөй абакта олтуруп, 14-октябрда бошонгон. (UE)