Майып адамдардын укуктарына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) конвенциясын ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин тийиштүү комитетинде жактырылды.
5-ноябрда аны Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети караганын жана жактырганын депутат Дастан Бекешов "Твиттерге" жазып, өзү баяндамачы болгонун билдирди.
БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган бул конвенция 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы кол койгон, бирок андан бери парламент ратификациядан өткөрө элек болчу.
Конвенциянын башкы максаты - майып адамдардын укуктарын коргоо. Эгер парламент аны ратификацияласа, бийлик майыптардын бардык тармактарда иштешине, жараяндарга катышуусуна шарт түзүшү керек. Өкмөт аны ишке ашыруунун каржылык себептерине такап, 2011-жылдан бери документти парламентке сунуш кылбай келген.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 177 майып жаран бар. Анын 29 миңи балдар. Мекеме-ишканаларда, коомдук автоунааларда майыптарга шарт жоктугу эл арасында сындалып келет.