Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Тунистеги жардыруудан тогуз киши жарадар болду


Окуя болгон жердеги өрт өчүрүүчүлөр менен полиция кызматкерлери. Тунис, 29-октябрь, 2018-жыл.
Окуя болгон жердеги өрт өчүрүүчүлөр менен полиция кызматкерлери. Тунис, 29-октябрь, 2018-жыл.

Тунистин Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, борбор шаарда жанкечти аял өзүн жардырган окуядан тогуз киши жараланды.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, жардыруу 29-октябрда Тунистин Хабиб Бургиба борбордук проспектисиндеги шаардык театрга жакын жерде болгон. Укук коргоо органдары аял өзүн полициянын жанына келип жардырып жибергенин маалымдады.

Тунис - Түндүк Африкадагы мамлекет. Анын борбор шаары да Тунис деп аталат.

2015-жылы музейдеги жана мейманканадагы чабуулдан 59 турист мерт болгон. Ал кол салуу үчүн "Ислам мамлекети" жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG