Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Жалал-Абадда театр алдында ок аткандар изделип жатат


Жалал-Абад шаарынын кире бериши.
Жалал-Абад шаарынын кире бериши.

Шаардагы Барпы атындагы театрдын алдындагы аянтта бейтааныш автоунаадан тапанча менен асманга ок аткандар табыла элек.

Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. Маалыматка ылайык, 7-октябрь күнү кечки саат жети чамасында “Тойота” үлгүсүндөгү автоунаадан белгисиз адамдар театрдын алдында тапанча менен асманга бир нече ок атып, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Барпы театрынын жетекчилиги бул тууралуу милицияга кабар берип, бирок жеринде жүргөн кайгуул-күзөт кызматкерлери автоунааны кууп жетпей калышкан. Жабыркагандар жок жана жеринде соода кылган тургундар тапанчанын гильзаларын табышкан. Учурда тергөө иштери уланууда.

Облустук Барпы театрынын алдындагы аянтча кечкисин үлпөт тойдун автоунааларына толуп, башаламандык жаратып келет. Театр жетекчилиги буга чейин анын алдын тосмолоп, коопсуздукту камсыздоо максатында бир нече ирет шаар бийлигине кайрылганы менен жыйынтык боло элек. (RsK)

XS
SM
MD
LG