Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Жогорку сот Мавлян Аскарбековдун ишин кыскартты


"Эркин эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков.
"Эркин эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков.

Бүгүн Жогорку сот "Эркин эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековдун ишин кыскартуу жөнүндө чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мавлян Аскарбеков өзү кабарлады.

Быйыл 13-июлда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Аскарбековго карата чыккан Биринчи май райондук сотунун чечимин жарым-жартылай өзгөртүп, ага салынган айыппулду алып салган жана Аскарбековдун чет жакка чыгышына тыюу салган чечимди жойгон. Ал эми райондук соттун аны күнөөлүү деп тапкан чечими күчүндө калтырылган. Мавлян Аскарбеков бул чечимге макул эмес экенин айтып, Жогорку сотко даттанаарын билдирген.

- Бүгүн Жогорку сот менин ишимди карап, иштин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу ишти кыскартты. Дача-СУ маселеси боюнча 297-беренеге ылайык мага кылмыш иши козголгон, "бийликти күч менен басып алууга үндөдү" деп. Бүгүн бир жарым жыл саясий куугунтуктан кийин соттун чечими чыгып, мен акталып чыктым.

Аскарбековдун айтымында ал "соттолгон эмес" деген макамга ээ болду.

Аскарбеков дагы бир иш боюнча депутат Дастан Бекешов менен соттошуп, утулуп калган. Анда сот аны “Фейсбук” баракчасындагы депутатты сындаган пикирин өчүрүп, кайра андан социалдык тармактарда кечирим суроого милдеттендирген.

Мавлян Аскарбеков - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине сын айтып жүргөн активисттердин бири.

XS
SM
MD
LG