Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Солсбериге барган "орус тыңчысы" атын өзгөрткөн


Bellingcat жана The Insider агенттиктеринин маалыматы боюнча, "Руслан Бошировдун" чыныгы аты-жөнү Анатолий Чепига.
Bellingcat жана The Insider агенттиктеринин маалыматы боюнча, "Руслан Бошировдун" чыныгы аты-жөнү Анатолий Чепига.

Bellingcat жана The Insider иликтөө агенттиктери өзүн жөнөкөй турист катары тааныштырган "Руслан Бошировдун" чыныгы тек-жайын аныктап чыкты.

Иликтөөчүлөрдүн оюнча, Руслан Бошировдун өз аты-жөнү Анатолий Чепига. Ал Орусиянын Чалгын башкармалыгынын полковниги жана 2014-жылы Орусиянын баатыры наамын да алган.

Британ бийлиги Руслан Боширов жана анын шериги Александр Петров март айындагы Солсбериде Скрипалдарды ууландырууга тиешеси бар экенин айтып чыккан. Бирок алар Солсбериге катардагы турист катары барганын билдирип, айыптоолорду четке каккан эле.

5-сентябрда британ полициясы Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны ууландырууга тиешеси бар деп, орусиялык эки жарандын - Руслан Боширов менен Александр Петровдун атын атаган. Бирок ошол эле кезде алардын чыныгы аты-жөнү башка болушу мүмкүн экенин да маалымдаган. Британ бийлиги алардын Лондондон Москва кайтуу үчүн 4-мартка жана 5-мартка – эки башка убакка эки билет алышканы да шек жаратарын билдирген.

Британия Скрипалдарга кол салды деп айыптап жаткан эки орус жараны көзөмөл камераларына түшүп калган, Солсбери шаары, 4-март 2018-жыл.
Британия Скрипалдарга кол салды деп айыптап жаткан эки орус жараны көзөмөл камераларына түшүп калган, Солсбери шаары, 4-март 2018-жыл.

Бирок 12-сентябрда президент Владимир Путин бул адамдар тууралуу орус бийлиги “маалымат алганын”, алар “аскер адамдары эмес” экенин айтып, Лондондун айыптоолорун четке каккан.

- Албетте, ал адамдар кимдер экенин карап чыктык. Алардын тек-жайы бизге маалым болду. Биз аларды таптык. Мен алар өздөрү деле коомчулук алдына чыгып, баарын айтып беришет деп үмүттөнөм. Бул бардык тарап үчүн эле жакшы болмок. Бул жерде адаттан тыш же кылмыштуу аракет жок. Сиздерди буга ишендирип кетким келет. Кантсе да жакынкы келечекте көрөбүз.

Ушундан бир күндөн кийин Руслан Боширов менен Александр Петров Орусиянын өкмөтү каржылаган Russia Today телеканалына маек берип, Британиянын Солсбери шаарына 3-4-мартта турист катары барганын айтышкан. Алар Солсбериде жүргөндө кокусунан Сергей Скрипалдын үйүнө дагы барып калышы ыктымал экенин, бирок ал кайда жашарын билбей тургандыктарын айтышкан.

- Балким биз ал үйгө барсак баргандырбыз, бирок анын кайда экенин билбейбиз, – дешип Солсбериде бир саатка жетпеген убакытка кармалышканын кошумчалашкан.

"Руслан Боширов" (солдо) менен "Александр Петров"
"Руслан Боширов" (солдо) менен "Александр Петров"

- Бул туристтик шаар. Ал жакта белгилүү Солсбери собору бар. Ал Европада гана эмес, менимче, бүткүл дүйнөдө белгилүү жай. Ал өзүнүн 123 метрлик мунарасы менен белгилүү, - деп билдирген Руслан Боширов.

Боширов менен Петров өздөрүн спорт азыктарын сатып, фитнес индустрия тармагында иштейбиз деп тааныштырган. Бирок бир катар талдоочулар алардын маегинде дал келбестиктер бар экенин белгилешкен.

Bellingcat менен The Insider 26-сентябрда жарыяланган иликтөөлөрүнүн үчүнчү бөлүгүндө “Руслан Баширов” 1979-жылы Амурск облусунун Николаевка айылында туулган Анатолий Владимирович Чепига экенин айтып чыкты. Алардын маалыматына караганда, "Руслан Боширов" – Орусиянын Чалгын башкармалыгынын полковниги Анатолий Чепиганын каймана аты. Bellingcat "Бошировдун" чыныгы тек-жайын бышыктаган бир нече булактарына таянууда. Ал Хабаровскиде армиянын атайын бөлүгүнүн 14-бригадасында кызмат өтөгөн. Экинчи чечен согушунда маанилүү роль ойноп, 2014-жылы орус-украин чек арасына жакын жерде жүргөнү да белгиленет.

ГРУнун полковниги Анатолий Чепига "Руслан Боширов" деген каймана атты 2010-жылы алып, жаңы паспорту менен Москвага көчүп келген. Бирок 2014-жылы Орусиянын баатыры наамы ага Анатолий Чепига болуп жүргөндө ыйгарылган.

- Менин милдетим маалыматтарды талдоо жана ачык булактардагы маалыматтарды чогултуу болду. Бул иликтөөнүн биринчи гана бөлүгү. Калганы дүйшөмбү күнү жарыяланат. Мен паспортторундагы маалыматтардан тышкары дагы бир кызыктуу жагдайлар бар экенин кошумчалай кетсем. Аба бекетте катталган Боширов менен Петровдун паспортторунун номурлары бир гана сандан айырмаланат экен, - деди иликтөө жүргүзгөн The Insider иликтөө агенттигинин башкы редактору Роман Доброхотов.

Анатолий Чепигага Орусиянын баатыры наамы 2014-жылы “тынчтык орнотуу миссиясына катышканы” үчүн ыйгарылган. Bellingcat жана The Insider агенттиктеринин оюнча, бул анын Украинанын чыгышындагы урушка катышкандыгын билдириши мүмкүн. Ал Чеченстанга да үч жолу барган жана 20дай ар кыл сыйлык-медалдарды алган.

Журналисттер "Бошировго" түспөлдөш кишинин сүрөтүн Ыраакы Чыгыш жогорку аскердик окуу жайынын сайтынан таап, ал тууралуу башка бир катар ачык жана жашыруун маалыматтарды алып чыгышты.

5-сентябрда британ премьер-министри Тереза Мэй парламентте Скрипалдарды ууландырууга шектүү Александр Петров менен Руслан Боширов Орусиянын чалгын кызматкерлери болушкан деп билдирген. Бул бүтүмдү АКШнын, Франциянын, Германиянын жана Канаданын лидерлери да колдогон.

- Албетте, Орусиянын Конституциясы экстрадицияга тыюу салат деген жүйө менен өз жарандарынын чет өлкөдө сот жообуна тартылышына уруксат бербей келет. Бирок бул адамдардын бирөө Орусиядан чыга турган болсо, биз аларды кармоо, экстрадиция кылуу жана Британияда жоопко тартуу үчүн бардык чараларды көрөбүз, - деп билдирген 5-сентябрда британ премьер-министри Тереза Мэй.

Лондондун маалыматына караганда, орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия быйыл 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында Советтер Союзунда чыгарылган "Новичок" деген нервди шал кылуучу зат менен ууланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG