Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Bellingcat: "Боширов" – ГРУнун полковниги Анатолий Чепига


Өзүн "Руслан Боширов" деп тааныштырган адам RT телеканалына интервью берип жатат, 13-сентбярь, 2018-жыл.
Өзүн "Руслан Боширов" деп тааныштырган адам RT телеканалына интервью берип жатат, 13-сентбярь, 2018-жыл.

"Руслан Боширов" – Орусиянын Чалгын башкармалыгынын полковниги Анатолий Чепиганын каймана аты экенин Bellingcat жана The Insider иликтөө агенттиктери таап чыкты. Иликтөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Британияда мурунку орус тыңчысы Сергей Скрипалды ууландырган полковникке "Орусиянын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Bellingcat "Бошировдун" тек-жайы ким экенин бышыктаган бир нече булактарына таянат. Ал Хабаровскиде армиянын атайын бөлүгүнүн 14-бригадасында кызмат өтөгөн. Экинчи чечен согушунда маанилүү роль ойноп, 2014-жылы орус-украин чек арасына жакын жерде жүргөнү белгиленет.

ГРУнун полковниги "Руслан Боширов" деген каймана атты 2010-жылы алып, жаңы паспорту менен Москвага көчүп келген. 2014-жылы Орусиянын Баатыры наамы Анатолий Чепига болуп жүргөндө ыйгарылган. Журналисттер "Бошировго" түспөлдөш кишинин сүрөтүн Ыраакы Чыгыш жогорку аскердик окуу жайынын сайтынан таап чыгышкан.

Британия Скрипалды жана анын кызын ууландырууга орус бийлигин айыптап, аны Александр Петров жана Руслан Боширов Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) кызматкерлери ишке ашырган деп жарыялаган.

Боширов менен Петров 13-сентябрда орус телеканалына маек берип, Британияга жөн гана "турист катары" барышканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG