Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Скрипалды ууландырууга шектүүлөр маек берди


Британиянын Тышкы иштер министрлиги Орусияны “калп айтып, баш айландырууга” аракеттенүүдө деп айыптады. Мунун алдында, 12-сентябрда өздөрүн Руслан Боширов жана Александр Петров деп атаган кишилер Russia Today (RT) телеканалына интервью беришкен. Британ полициясы дал ушундай ысымдагы эки кишини экс-тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызын ууландырган деп айыптаган.

Британ тышкы мекемеси Англиянын “көчөлөрүндө өтө зыяндуу химиялык курал колдонгон” шектүү эки киши орусиялык атайын кызматтын - ГРУнун офицерлери деп бекем ишенерин билдирди.

“Биз Орусиядан март айында Солсбериде болгон окуя боюнча жооп берүүнү талап кылып келатабыз, бирок ар дайым “калп айтып, баш айландырууга аракеттенишүүдө”.

Мындай комментарий бейшемби күнү RT телеканалы тартуулаган интервьюга байланыштуу жасалды.

Кремл каржылаган каналдын жетекчиси Маргарита Симонян британ бийлиги айыптаган эки киши аларга өздөрү телефон чалып кайрылышканын, коркуп жүрүшкөнү даана байкалып турганын айтты:

- Орус паспортторун көргөзүштү. Паспортторго караганда ысымдары чындап эле ошондой. Сыртынан караганда жарыяланган сүрөттөрдөгү адамдарга окшошуп кетет. Ошол кишилер экенинен күмөн санабайм. Себеби, Британия жарыялаган паспорт, сүрөттөрү жана видео – бардыгы дал келүүдө.

Интервьюда экөө адам өлтүрүү аракетине эч кандай тиешеси жоктугун, Солсбериге байыркы чиркөөнү көргөнү турист болуп барышканын айтып актанышты.

Алардын айтымында, балким Сергей Скрипалдын үйүнө жакын жерге кокустан барып калышкан, бирок үйдүн кайсы жакта экенин билишпейт.

Британ бийлиги ошол шектүү эки киши СССР мезгилинде чыгарылган “Новичок” деген нервди шал кыла турган затты атырдын бөтөлкөсүнө куюп алып мыйзамсыз алып келишкен, анан Сергей Скрипал турган үйдүн эшигине чачышкан деп айыптаган.

RT интервью алган кишилер аялдардын жасалма атырын алып жүрүшкөн деген ырастоону четке кагышты.

Алар ошондой эле Солсбериде пландалгандан азыраак туруп калышканын начар аба ырайы, жаан менен түшүндүрүштү.

Окуя болгон Солсбери шаарынын депутаты Жон Глен Боширов менен Петровдун шаарга чиркөөнү көргөнү барышкан деген сөздөрү күмөн санатарын, алардын айтып бергендери британ атайын кызматтары тапкан далилдерге каршы келерин айтат.

Интервьюга чейин ошол эле 12-сентябрь күнү президент Владимир Путин Британия айыптап жаткандар аскерий эмес, жөнөкөй адамдар экени аныкталганын айткан.

Британ премьер-министри Тереза Мэй Скрипалдарды ууландырууга катышкан адамдар Орусиянын аскерий чалгын кызматы – ГРУнун офицерлери деп бир апта мурда билдирген.

Британ полициясы алардын ысымдары Руслан Боширов менен Александр Петров экени такталганын маалымдап, сүрөттөрүн жарыялаган, көп узабай прокуратура аларга адам өлтүрүү аракети үчүн айып таккан.

Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал кызы Юлия менен кошо 4-мартта ууланган. Оор абалда ооруканага түшүп, бир нече жума дарыланашкан. Лондон башынан бери эле кол салуу артында Москва турганын айтып келет. Орусия бийлиги бул ишке тиешеси жоктугун айтып, дооматтарды четке кагууда. Бул окуя Батыш менен Орусиянын дипломатиялык араздашуусуна, Москвага каршы санкциялардын киргизилишине алып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG