Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Скрипалдар окуясы: Батыш Лондонду колдоду


Солсбери
Солсбери

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Британиянын талабы боюнча, орус бийлиги ууландырды деп жаткан Скрипалдар ишин карады.

Анын алдында АКШ, Франция, Германия, жана Канаданын лидерлери британ өкмөтүнүн Скрипалдар иши боюнча бүтүмүн колдошкон. Орусия адаттагыдай эле дооматтарды четке кагууда. Орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия быйыл мартта ууланып, ооруканага түшкөн.

Бейшемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши Лондондун талабы менен Скрипалдарды ууландыруу ишин талкуулады.

“Биздин жашыра турган нерсебиз жок. Орусиянын корко турган нерсеси бар”, - деди Британиянын өкүлү Карен Пирс:

- Коопсуздук кеңешинин беш мүчөсүнүн бири Скрипалды өлтүрүүгө аракет кылды, Солсберидеги адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурду. Булар эл аралык деңгээлде өзүн алып жүрүү эрежелери астын-үстүн болгон параллел дүйнөдө жашап жатат.

5-сентябрда Лондон Солсберидеги ууланууну уюштурду делген эки орусиялыктын атын атап, сүрөтүн жарыялаган. Британ премьер-министри Тереза Мэй парламентте ууланууга катышты делген Александр Петров менен Руслан Боширов Орусиянын чалгын кызматкерлери болушкан деп билдирген. Бул бүтүмдү АКШнын, Франциянын, Германиянын жана Канаданын лидерлери да колдоду.

Британия шек санап жаткан эки киши - Александр Петров жана Руслан Боширов. Солсберинин көчөсүндөгү видеокамерага тартылып калган.
Британия шек санап жаткан эки киши - Александр Петров жана Руслан Боширов. Солсберинин көчөсүндөгү видеокамерага тартылып калган.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркел, АКШ президенти Дональд Трамп, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, ошондой эле Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин биргелешкен билдирүүсү Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Лондондун талабы менен Скрипалдарды ууландыруу ишин талкуулардын алдында жарыяланды. Алар Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны ууландыруу иши Орусия өкмөтүнүн деңгээлинде макулдашылган деп эсептейт. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында АКШнын өкүлү Никки Хейли минтип айтты:

- Өз аракеттери үчүн жоопкерчиликти алуун ордуна орус өкмөтү көңүлдү башка жакка буруу жана күнөөнү башкага оодаруу, баарын төгүндөө жана каршы айып коюу менен алектенүүдө. Орусиянын төгүндөлөрү Крым, MH17 учагы, Донбасс, Литвиненконун өлүмү темалары сыяктуу сценарийлер менен уланууда. Бул тизмени дагы узартса болот, бирок Британиянын акыркы аракеттери Орусия карасанатай кол салуудан качып кете албасын кепилдеп турат, - деди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин олтуруму.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин олтуруму.

Британия менен катар анын союздаштары болгон АКШ жана Франция Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү. Ошондой эле беш туруктуу мүчөнүн катарында Орусиядан тышкары Кытай да бар.

Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя дооматтарды четке какты:

- Чынын айтсам, бүгүн бул чырмалышкан окуя тууралуу ынанымдуураак жана айкыныраак бир нерсе айтылат деп күткөн элек. Биздин үмүтүбүз бул сапар да акталбай калды. Бүгүнкү билдирүүлөрдөн биз ошол эле жалган сөздөр топтомун уктук. Орусия Федерациясы бардык негизсиз айыптоолорду толук четке кагат.

Орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия быйыл 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында Советтер Союзунда чыгарылган "Новичок" деген нервди шал кылуучу зат менен ууланган.

Сергей жана Юлия Скрипаль.
Сергей жана Юлия Скрипаль.

Алар ооруканада жатып, дарыланып чыгышкан. Окуя үчүн Британия башынан эле Кремлди айыптап келе жатат.

​- Орусиянын Солсберидеги окуяга тиешеси болгон эмес. Биз үчүн орус бийлигине кандайдыр бир айып коюу жол берилгис иш. Кечээ Мэй айым Орусиянын жогорку жетекчилигинин тиешеси болушу мүмкүн экенин айтты. Биз дагы бир жолу айтабыз: Орусиянын жогорку жетечилиги, же андан төмөнкү турган жетекчилиги же башка бир расмий адамдары Солсберидеги окуяга тиешеси болгон эмес, болбойт дагы. Бул тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Дагы бир жолу кайталайм: бул боюнча кандайдыр бир божомолдор же айыптоолор кабыл алынгыс, - деди Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Анын айтымында, Москва британ бийлиги айтып жаткан адамдар, ууланууга катышты делген Александр Петров менен Руслан Боширов боюнча иш жүргүзүүсү үчүн Лондон атайын суроо-талап жибериши керек. "Британ тарап мындан баш тартып жатат. Бул катардагы эл аралык тажрыйба. ЖМКдагы маалыматтар жана парламенттеги билдирүүлөр жетишсиз", - деди Песков. ​

Ал арада “Нью-Йорк-Таймс” гезити Мадриддеги булактарына таянып, Сергей Скрипал акыркы жылдары орусиялык уюшкан кылмыш топтору менен күрөшкөн Испаниянын укук коргоо органдарына кеңеш берип келгенин жазды. Басылманын маалыматына караганда, Скрипал Чехиянын жана Испаниянын чалгын кызматтары менен да иштешип жүргөн.

Орусиянын Башкы чалгын кыматынын полковниги Сергей Скрипал 1990-жылдары Орусиянын Мадриддеги элчилигинде аскер атташеси кызматында иштеген. Маалыматтарда ошол кезде аны британ чалгынчылары өз тарабына тарткан. 2004-жылы Сергей Скрипал Москвада кармалган жана алты жылдан кийин тыңчыларды алмашуунун алкагында бошотулган. Кийинки жылдары ал Британияда жашап жүргөн.

Скрипалдардан тышкары июнь айында Эймсбери шаарында дагы эки британ жараны ууланып, бири каза болгон. Британ бийлиги алар да орус бийлигинин Скрипалдарды ууландыруу аракеттеринин курмандыгы болгон деп эсептейт.

“Химиялык куралга тыюу уюмунун” (ОЗХО) эксперттери экөөндө тең аларды “Новичок” буттан чалганын 4-сентябрда ырасташты.

Буга чейин АКШ Британия жана Европадагы өнөктөштөрү менен бирге Скрипалдардын окуясына байланыштуу Москвага дипломатиялык чара көрүп, ондогон орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарган.

Скрипалдардын ууландырылышына негиздеп Кошмо Штаттардын Орусияга каршы киргизген санкциялары 27-августта күчүнө кирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG