Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

2025-жылга чейин роботтор жумуш орундарынын 52% ээлешет


Ашканада тамак даярдап жаткан робот. Иллюстрациялык сүрөт.
Ашканада тамак даярдап жаткан робот. Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылга чейин роботтор жумуш орундарындагы тапшырмалардын жарымынан көбүн аткарууга жарамдуу болуп калат. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форум 17-сентябрда жарыялаган баяндамасында билдирди.

Маселен, хирургияда барган сайын роботтордун же компьютердик технологиялардын ролу көбөйүп баратканы айтылганы менен адамга өз алдынча операция жасаган, арзан роботтор азырынча жасала элек. Нидерланддагы Эйндховен технология университетинин окумуштуулары андай технологиянын үстүнөн иштеп жатышат. "РобоСкалпт" аттуу робот алдыдагы беш жылдын ичинде адамдын башына операция жасоого жарамдуу болуп калат.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун жаңы изилдөөсүнө ылайык, роботтор барган сайын бухгалтерияда, кардарларды тейлөөдө, өндүрүш, почта тармактарында көбөйө баштайт. Ал эми адамдык чеберчиликти, чыгармачылыкты талап кылган соода-сатык, маркетинг, электрондук коммерция сыяктуу тармактар боюнча адистерге суроо-талап күчөйт.

XS
SM
MD
LG