Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Боронов: Көчмөндөр оюндарына бюджеттен 303,1 млн. сом бөлүндү


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. 2-сентябрь, 2018-жыл
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. 2-сентябрь, 2018-жыл

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө бюджеттен 303,1 миллион сом бөлүндү. Учурда оюнду өткөрүүгө жумшалган каражаттын суммасы эсептелип жатат.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-миниср Кубатбек Боронов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, Көчмөндөр оюндарындагы спорттук иш-чараларга 128 млн. сом бөлүнгөн. Анын 28 миллиону байге фондуна бөлүнсө, 100 млн. сом уюштуруу, спортчуларды жайгаштыруу, иш-чараларды өткөрүү жайларын даярдоо, спорттук инвентарларды алууга жумшалган. Маданий иш-чараларга жети миллион сом жумшалган.

Август айынын башында Көчмөндөр оюндары үчүн 270 таштанды челек даярдоого тендер өткөн. Анда контейнерлердин жалпы суммасы 1 миллион 826 миң 600 сомду түзөрү айтылган.

2016-жылы өткөн оюндарга 258 миллион сом бөлүнгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG