Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Жамангулов: Кырчында дааратканалар боюнча кемчилик болгон


Кырчын жайлоосу. Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан жер. 3-сентябрь, 2018-жыл.
Кырчын жайлоосу. Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан жер. 3-сентябрь, 2018-жыл.

Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда коюлган ажаатканалар толук кандуу иштеп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

- Дарааткана маселелер боюнча кемчиликтер болгон. Бирок алар биринчи күнү Кырчын иштей электе болгон кемчиликтер эле. Бүгүнкү күндө андай кемчилик көргөн жокпуз, бардык дааратканалар толук иштеп атат. Бир гана кезек күтүү маселе болбосо, башка маселе жок.

3-сентябрда Кырчын жайлоосунда спорттук жана маданий иш-чаралардын ачылыш убагында ажаатканага кезек күткөндөр аябай көп болуп, элдин нааразылыгы жаралган эле.

2-сентябрда башталган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланат. Ага 70ке жакын өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышууда. (AsM)

XS
SM
MD
LG