Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Минскте "Немис толкуну" агенттигинин кабарчысы кармалды


Бонн шаарындагы "Немис толкуну" агенттигинин кеңсеси. 26-сентябрь, 2016-жыл.
Бонн шаарындагы "Немис толкуну" агенттигинин кеңсеси. 26-сентябрь, 2016-жыл.

Германиянын "Deutsche Welle" (“Немис толкуну”) эл аралык маалымат агенттигинин Беларустагы кабарчысы Павлюк Быковский "мамлекеттик “БелТА” агенттигинен мыйзамсыз жол менен маалымат алган" деген шек менен кармалды. Быковскийдин аялы Ольга Быковская 8-августта Тергөө комитетинин кызматкерлери анын күйөөсүнүн компьютерлери менен банк карточкаларын конфискация кылган соң камакка алышканын айтты.

Тергөө комитетинин шаршембидеги билдирүүсүндө Быковский менен кошо дагы бир журналист Алексей Жуков, Беларустагы кыймылсыз мүлк саткан интернет-сайттын редактору "БелТАга” байланыштуу иштин алкагында кармалганы айтылат.

Журналисттердин камалышы темирдей бекем авторитардык системаны түзгөн президент Александр Лукашенконун жана анын бийлиги маалымат каражаттарына көрсөткөн “кысым” деп бааланып жатат.

7-августтан бери Минскте "мамлекеттик “БелТА” жаңылыктар агенттигинен мыйзамсыз жолдор аркылуу маалымат алган" деген шек менен ондон ашуун журналист камалды.

XS
SM
MD
LG