Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Бажы кызматкерлерине дагы бир кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы башкармалыгынын жана Түндүк-Чыгыш бажы бөлүмүнүн бир нече кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 303-304-315-беренелери (“Коррупция”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмү кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, тергөө учурунда ушул жылдын май айынан июнь айына чейин аталган эки бөлүмдүн кызматкерлери “K.G.” жана “L.G.” фирмаларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, бажы төлөмдөрүн жашырып жүргөнү аныкталган. Тагыраагы, Кытайдан ташылып келген товарлар үчүн 18 млн. сом бажы төлөмү мамлекеттин бюджетине түшпөй калган.

Жыл башынан бери эле Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук жана аймактык бөлүмдөрүнүн бир нече кызматкерине коррупция боюнча он чакты кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) козгогон иштер быйылкы жана мурдагы жылдардагы мыйзам бузулган учурларга багытталган. Бул фактылар боюнча Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев жана Мамлекттик бажы кызматынын башкармалыктарынын биринин мурдагы башчысы Замирбек Ниязалиев камакка алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG