Президент Сооронбай Жээнбеков “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 24-майда кабыл алган. Анын максаты жолдорду, жол курулуштарын тутуу жана пайдалануу боюнча чарбалык-экономикалык ишмердигин жүргүзүү, мамлекеттик башкаруу, жол курулушун жөнгө салуу системасындагы коррупциялык схемаларды алып салуу жана коррупциялык тобокелдикти жоюу боюнча деталдаштырылган планынын алкагында иш-чараларды ишке ашыруу болуп эсептелет.
Андан тышкары улуттук мыйзамдарды Бажы биримдигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентине ылайык келтирүү болуп саналат.
Мыйзамга ылайык, жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун оңдоп-түзөө боюнча жумуштарды жыл сайын түзүү жана бекитүүнүн тартиби орнотулат. Муну менен экономикалык негизи жок жана долбоорлоо-сметалык наркы аныкталбаган объекттер иш-планга киргизилбейт. Ошондой эле план түзүлгөндөн кийинки (Титулдук тизмени) кийлигишүүнү четтетүүгө мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону башкаруу (башкаруучулук) бир дагы ченемдик укуктук акт менен жөнгө салынбайт. Ченем кирүү менен долбоорлоону этабы менен жүргүзүү иштерин, курууну жана реконструкциялоону башкаруу иштери жөнгө салынат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (КЕ)