Чейрек финалдын алкагында Орусия Хорватия менен ойноду. Оюн эсеби 2:2 болуп, жеңүүчү пенальти тебүүдө аныкталды.
Хорват футболчулары 11 метрлик аралыкта топту таамай тээп, жарым финалга жолдомо алды.
Натыйжада Хорватия жарым финалда Англия менен ойнойт. Кечээ Англия Швецияны 2:0 эсебинде утуп алган. Бул жеңиш Англияны 28 жылдан бери жете албай жүргөн жарым финалга алып чыкты.
Жарым финалда ошондой эле Франция менен Бельгиянын улуттук курама командалары ойношот. Бул оюн 10-июлда башталат.
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусияда өтүп жатат, оюн 15-июлда жыйынтыкталат. (SDz)