Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Мамлекеттик департамент жана ЕККУ “чет элдик агент” мыйзамын айыптады


Хизер Нойерт
Хизер Нойерт

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияны “чет элдик агент” - ММК жөнүндө мыйзамга таянып көз карандысыз журналисттерге басым жасап жатат деп айыптады. Мамдепартаменттин өкүлү Хизер Нойерт орус бийлиги бул мыйзамды атайылап америкалык маалымат каражаттары (“Америка үнү”, "Эркин Европа/Азаттык" үналгысы) үчүн гана колдонуп жатканын билдирди.

5-июлда Москва райондук соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосун 100 миң рубль (1600$) айып төлөшү керек деген чечим чыгарган. Муну менен сот “Эркин Европа/Азаттык” радиосу Орусиянын “чет элдик агенттер жөнүндө", медианын ишин тескеген мыйзамынын жол-жобосун "аткарган эмес" деген жүйө келтирген.

Нойерт мындан сырткары Мамлекеттик думада чет элдик маалымат каражаттар менен кызматташкан жеке жарандарды дагы “чет элдик агенттердин” катарына кошууну карап жаткан мыйзам долбоорду айыптап, Орусияны адам укугун, оюн эркин билдирүү укуктарын сактоого чакырды.

Мурдараак Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлен Дезир “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна байланыштуу чыгарган чечимин сынга алган.

XS
SM
MD
LG