Гуламжан Анарбаев Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Анарбаев буга чейин Мамлекеттик материалдык резерв фондун жетектеп келген.
Кызматтын буга чейинки башчысы Айбек Кадыралиев 3-июлда кызматынан бошотулган. (КЕ)