Казакстанда менингококк инфекциясы дагы бир адамдын өмүрүн алды. 3-июнда Алматы облусундагы Каскелен шаардык ооруканасында 19 жаштагы кыз көз жумганын жергиликтүү маалымат булактары Коомдук саламаттык сактоо департаментине таянып кабарлашты.
Расмий маалыматка ылайык, Казакстанда ушуну менен бул дарт жуккан үчүнчү адам жашоо менен кош айтышты. Буга чейин эки бала өлгөн.
Коомдук саламаттык сактоо департаментинен кабарлашкандай, жыл башынан бери ооруга чалдыккан 52 учур катталды. Анын көбү Алматыда.
Менингококк инфекциясы курч жугуштуу оору экенин, аба аркылуу да жугарын медиктер эскертишет. Оору майыптыкка алып келиши же өлүм менен аякташы мүмкүн.
Конец переписки Введите сообщение...