Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Македония өлкө аталышы боюнча Греция менен мунаса тапты


Македониянын аталышы боюнча Греция өкмөтү менен макулдашууга жетишилди. Бул тууралуу македон өкмөт башчысы Зоран Заев билдирди. Анын айтымында, тараптар Илинден Македон жумурияты деген мунасага келишти. Эми жаңы аталыш Македонияда референдумга алынып чыкмакчы. Илинден же Илия күнүндө – Македониянын 20-кылымдагы тарыхындагы маанилүү эки окуя болгон.

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас 19-майда Заевдин билдирүүсүн комментарийлеген жок. Бирок эки өлкө мунасага жакындашты деген. Болгариянын Тышкы иштер министри Екатерина Захариева 18-майда Софияда Евробиримдик-Батыш Балкан саммитинде тараптар ушул аталышты талкуулашканын билдирген.

Афины Скопьенин Евробиримдик жана НАТОго кошулуусуна бөгөт коюп келет. Анткени Грециянын бир чөлкөмүнүн аталышы да Македония болгондуктан, кошуна өлкө аймактык доомат артышы мүмкүн деп эсептейт.

Буга чейин Македония өлкө аталышына “Жогорку” же “Түндүк” деген сөздөрдү кошушу мүмкүн деген божомолдор айтылып келген. Бирок улутчулдар ага каршы болушууда.

Ушул тапта БУУда Афинынын талабы менен өлкөнү Мурдагы Югослав жумурияты Македония деп атап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG