Дагестанда полиция май майрамдарында теракт уюштурууну пландаган деп шектелген тогуз кишини атып өлтүрдү. Орусиянын терроризмге каршы комитети кабарлагандай, жоочулар жумурияттын экинчи чоң шаары Дербентте жашырынганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерде эки шектүү топ табылган. Алар колго түшүүдөн баш тарткандан кийин полиция ок ачты. Дагестанда акыркы жылдары болгон бир нече кандуу кол салуу үчүн күч түзүмдөрү “Ислам мамлекети" радикал тобун айыптап келатышат.
21-апрелде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Ставрополь облусунда теракттарды пландаган деп шектелген “Ислам мамлекети” тобунун тарапкерин коопсуздук кызматкерлери атып өлтүрүшкөнүн билдирди.