Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Пентагон Сирия боюнча Москванын билдирүүсүнө жооп кайтарды


Чыгыш Гутадагы Кызыл чырым уюмунун жардамын алып бараткан аял. 9-март, 2018-жыл.
Чыгыш Гутадагы Кызыл чырым уюмунун жардамын алып бараткан аял. 9-март, 2018-жыл.

АКШнын Коргоо министрлиги Орусияны "Асаддын режими колдоп жатат" деп айыптап, Кремлди Чыгыш Гутадагы гуманитардык кризисти жеңилдетүүгө жардам берүүгө үндөдү. Пентагондун өкүлү Москва жалган билдирүүлөр менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылып жатканын белгиледи.

Орусиянын Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов "АКШ сириялык козголоңчулар жасаган химиялык чабуулду акташ үчүн күнөөнү өкмөттүк армияга оодарып жатат" деп айткан.

Пентагондун өкүлү CNBC каналына «Асаддын армиясынын өз элине каршы химиялык курал колдонгонунун жаңы далилдерин четке кагууга болбойт. Бул эл аралык укуктун одоно бузулушу» деп айтты. «Орусия химиялык курал маселесин жөнгө сала албайт» деген америкалык аткаминер Москванын деги эле «Сирия кризисин жөнгө салууга кудурети жетээр-жетпеси суроо туудурат» деп кошумчалады.

Буга чейин Вашингтон Дамаск Чыгыш Гутадагы согуш жүрүп жаткан аймактан ооруулуулар менен жарадарларды алып чыгууга милдеттендирген Улуттар Уюмунун резолюциясын аткаруудан баш тартса, Кошмо Штаттар «кандайдыр чара көрүүгө мажбур болорун» билдирген.

XS
SM
MD
LG