Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

АКШ Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизди


Ким Чоң Нам жана Ким Чен Ын.
Ким Чоң Нам жана Ким Чен Ын.

АКШ Түндүк Кореяга Ким Чен Ындын агасынын өлүмүнө байланыштуу жаңы санкцияларды киргизди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Нойерттин билдирүүсү боюнча, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын аталаш бир тууганы Ким Чоң Намдын өлтүрүлүшү тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, бул аракеттин артында Пхеньян турат.

Санкциялар тууралуу чечим 22-февралда кабыл алынып, 5-мартта ишке кирди. Анын негизги себеби – Түндүк Корея тарабынан химиялык куралдын колдонулушу.

Ким Чоң Нам VX заты менен ууландырылган. Адатта АКШ химиялык же биологиялык курал колдонгон өлкөлөргө импорт бөгөтүн коет, бирок Түндүк Корея мурдатан эле ошондой чектөөгө кабылган. Андыктан жаңы санкциялар бул кырдаалды кескин өзгөртөт деп айтуу кыйын.

Чет өлкөдө жашап, бир тууганына сын айткан Ким Чоң Нам былтыр 14-февралда Куала-Лумпур аэропортунда киши колдуу болгон.

XS
SM
MD
LG