Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

19-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек. Иллюстрация
Бишкек. Иллюстрация

Кыргызгидромет чукул билдирүү таратып, жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жана Каракол-Эңилчек жолдорунда кар көчкү түшөөрүн эскертти. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

19-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз кар жаабайт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз 1…6;

Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -10…-15;

19-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -9…-11° суук, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG