Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

ИИМ: Мыйзамсыз миграция уюштурган чет элдик жаран кармалды


Мыйзамсыз миграция үчүн кармалган пакистандык жаран.
Мыйзамсыз миграция үчүн кармалган пакистандык жаран.

Кыргызстанда мыйзамсыз миграция уюштурду деп шек саналган чет элдик жаран кармалды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, атайын рейд учурунда өлкөдө үч айдан бери мыйзамсыз жүргөн бахрейндик жаран аныкталган.

Сурак учурунда ал Бишкекке былтыр октябрда учуп келгенин, Хизар аттуу адам аэропорттон тосуп алып, “жогорку окуу жайга өткөрөм, каттоого тургузуп, виза ачтырып берем” деп 2000 долларын жана паспортун алып койгонун, ошо бойдон дайынын таптырбай кеткенин айтып берген.

Ыкчам иликтөө чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Пакистандын Бишкекте убактылуу жашап жаткан 25 жаштагы жараны кармалды. Биринчи май райондук милициясы ага карата “Мыйзамсыз миграция уюштуруу” жана “Алдамчылык” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козголду. Тергөө жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG