Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди


Ош-Бишкек жолу.
Ош-Бишкек жолу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Ош-Бишкек жолунунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда саат 12:00дөн баштап оор жүк ташуучу чоң автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилди. Ал бул аракетти тыгындардын алдын алуу жана жолду тазалоо зарылчылыгы менен түшүндүрдү.

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги кара жол жеңил автоунаалар үчүн ачык. Ал эми оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектөө качан алынаары белгисиз.

29-декабрда Бишкек-Ош унаа жолундагы тыгынга байланыштуу Токтогул районунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу чоң автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилген. Ал эми кечинде Жайыл районундагы “Сосновка” постунда бардык унаалар үчүн чектөө киргизилген. Жол тазалангандан кийин кайра ачылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG