10-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт, жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...-5,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...-6,
Баткен облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз -1...+4,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...+3,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -1...-6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз -8...-13° градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -3....-5, күндүз -1…-3° болот.