Өзбекстандын компетенттүү органдары Нью-Йорктогу терактка шектүү Сайфулла Саипов Ташкентте туулуп-өскөнүн ырасташты. Бул тууралуу өзбек тышкы иштер министрлигине баш ийген "Жахон" маалымат агенттиги кабарлады.
- Саипов Сайфулла Хабибулаевич 1988-жылдын 8-февралында Ташкентте туулган. 2005-жылы кесиптик коллежди, 2009-жылы Ташкент финансы институтун бүтүргөн. Окуу жайын аяктагандан кийин борбордогу "Саехат" мейманканасында бухгалтер болуп иштеген. АКШга кеткиче Саипов кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес, укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болбогон, - делет анда.
2010-жылы Саипов грин-карт виза лотереясын утуп Кошмо Штаттарына кеткени, ал жакта өзбекстандык кызга үйлөнгөнү белгиленет. Маалыматка караганда шектүү кеткен бойдон мекенине келген эмес. Ал жактагы өзбек дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө да каттоого турбаган.
Агенттик шектүү бардар үй-бүлөдө туулганын, АКШга баргандан кийин түнт тартып, радикал топтордун көңүлүнө илингенин кошумчалайт.
Нью-Йоркто 31-октябрда унаасы менен сегиз адамды тебелеп өлтүрүп, 12 кишини жарадар кылууга шектелген Саиповго прокурорлор терроризм боюнча айып тагышкан.