“Эркиндик үнү” коомдук фондунан билдиришкендей, Чүй облусунун Москва райондук соту бүгүн кыйноого шектелген үч милиционер боюнча чечим чыгарды. Ага ылайык, милиция кызматкерлери "кыйноо" беренеси менен акталды. Ошол эле маалда "кызмат абалынан аша чабуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бири мамлекеттин эсебине 200 миң сомдон айып пул төлөй турган болду. Мындан тышкары аларга эки жыл бою милиция кызматында иштөөгө тыюу салынды.
Жабырлануучу тарап бул чечимге макул болбой, жогорку инстанцияга даттана турганын билдиришти. Үч милиционер 2015-жылдын 13-январында үч баланы акча уурдоого шектүү деп кармап, кылмыш ишти кыйноо менен моюнга алдырган деп айыпталууда. Укук коргоочулар соттук-медициналык жана соттук-психатриялык экспертиза жабыркагандардын айткандарын ырастады деп билдирип жатышат.
Милиционерлердин адвокаты Эркин Алымкулов болсо аларга жалаа жабылганын жана жабырлануучулардын үчөө тең мурда соттолгонун айтып келет.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, кыйноолордун 96 пайызы милиция кызматкерлерине тиешелүү. (NT)